Акыйкатчы Жаманбаева Россиянын адам укуктары боюнча өкүлү Татьяна Москалькова менен №1 тергөө абагына барды

  • 1 год мурун

Кыргыз Республикасынын акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева Россиянын адам укуктары боюнча өкүлү Татьяна Москалькованын Кыргызстанга болгон иш сапарынын алкагында, укук коргоо мекемелеринин жетекчилери, атайын прокурор Эмилбек Үркүнбаев жана Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Нурлан Сарчаевдин коштоосунда тергөө абагынын шарттары жана анда кармалгандардын укуктарынын камсыздалышы менен таанышты.

Алар камераларды кыдырып, камакка алынган 19 киши менен баарлашты. Мындан тышкары алар Кыргызстандын жана Россиянын жарандыгы бар беш кишиге юридикалык консультация беришти.
Камакка алынгандардан кармоо шарттарына даттануулар түшкөн жок, бирок айрымдары кылмыш иштери боюнча тергөөнүн жүрүшүнө нааразылыгын билдиришти.

Жамиля Жаманбаева жана Татьяна Москалькова тергөө абагындагылардын кайрылуулары боюнча биргелешип иштөө боюнча макулдашты.

Сүрөт: Акыйкатчы институту

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты