Имамидин Ташовдун иши райондук сотко кайтарылды

  • 2 недели мурун

Ишкер Имамидин Ташовдун кылмыш иши боюнча материалдарды толуктоо үчүн Биринчи май райондук сотуна кайтарылды.

Мындай чечимди Бишкек шаардык сотунун соттук коллегиясы чыгарды.  

Бишкек шаардык соттук коллегиясынын 2026-жылдын 26-февралындагы чечими менен айыпталуучу Имамидин Ташовдун адвокатынын арызы канааттандырылды. Кылмыш ишинин материалдарын талаптагыдай толуктап-тариздөө үчүн биринчи инстанцияга кайра жиберилди.  

Шаардык сотко берилген аппеляциялык арызда айыпталуучу Ташовдун арызы жана өткөрүп жиберилген мөөнөттү калыбына келтирүү боюнча өтүнүч кылмыш ишинин материалдарында жок болуп чыккан.

Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы билдирди.

«Бул документтер райондук соттун кеңсесине өз убагында келип түшсө да, кызматкерлер аларды кылмыш ишинин материалдарына тиркебей эле шаардык сотко жиберишкен. Эми райондук сот ишти туура тариздеп, андан кийин гана кайра шаардык сотко өткөрүп бериши керек» деп айтылган маалыматта.

Имамидин Ташовдун жактоочулары шаардык сотко Биринчи май райондук сотунун чечимин кайра кароо боюнча кайрылган.

Имамидин Ташов УКМК тарабынан 2024-жылы 22-апрелде Чүй облусунун Панфилов районунун Кайыңды айылында бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деп кармалган.

«Ташов Кыргызстан жана Казакстандын мамлекеттик чек араларын Алматы шаарынан Кара-Балта шаарына чейин мыйзамсыз кесип өтүп, бийликти басып алуу максатында каршылык акциясын өткөрүү үчүн күчтөрдү бириктирүү боюнча убактылуу штаб уюштурууну пландап жаткан жеринен кармалды» деп айтылат УКМК маалыматында.

Имамидин Ташовду сот тогуз жылга эркинен ажыратып, мүлкүн конфискациялоо чечимин чыгарган.

Сүрөт: 14-январь 2025-жыл. «ПолитКлиника»

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты