Ысык-Көлгө «Акылдуу шаар» куруу маселеси талкууланууда

  • 1 год мурун

Ысык-Көлгө «Акылдуу шаар» куруу маселесин талкуулоо үчүн Кыргызстанга Түштүк Кореянын Жер, инфратүзүм жана транспорт министрлигинин өкүлдөрү келишти. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги кабарлады.

Маалыматка караганда, долбоор «гранттык негизде глобалдык кызматташуу аркылуу акылдуу шаарларды өнүктүрүү» боюнча K-City Network программасынын алкагында ишке ашат.

Министрдин орун басары Канат Абдрахмановдун белгилешинче, аталган долбоор «калктын жашоо-шартын жакшыртып, Кыргызстанга туристтерди тартат».

«Акылдуу шаардын башкы планын иштеп чыгууда логистикалык мүмкүнчүлүктөрдү жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын колдонууну эске алуу менен эл аралык атаандаштыкка жөндөмдүү шаарды курууга басым жасалат», — деп айтылат министрлик тараткан кабарда.

Маалыматта «Акылдуу шаар» качан курулуп баштай турганы жана долбоордун баасы жазылган эмес.

Сентябрдын башында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Экологиялык таза шаар» долбоорунун концепциясы талкууланган учурда «Асман» шаары сөзсүз куруларын билдирген. Ал курулуш иштерин алгач болжол менен 20 миң адамга эсептелген шаарчадан баштоо керектигин, ал жакта элдин ден соолугун чыңдоо жана туристтерди тартуу үчүн жайы-кышы тийиштүү шарт болушу зарылдыгын айткан.

Президенттин администрациясы Ысык-Көлдө «Асман» деп аталган, 500 миң туруктуу жашоочуга ылайыкташтырылган шаарды куруу долбоорун былтыр жайында жарыялаган. Экологиялык таза, заманбап шарттары бар бул шаар 7-10 жылдын аралыгында курулары кабарланган. Шаар Тору-Айгыр айылына түшмөк, бирок быйыл май айында ал жер өзгөргөнү белгилүү болгон.

Бир катар жарандык активисттер долбоорго каршы чыгып, «Асман шаарынын курулушуна жол жок» деген кыймыл түзүлгөн. Алар Ысык-Көл менен анын жака-белиндеги жерлер «коргоого алынган биосфералык аймакка кирет, шаар курулса экологиялык катастрофа жаралышы ыктымал» деген жүйө келтиришкен.

Сүрөт:Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты