Бишкекте “Чатыр-Көл” кинотеатрынын ордуна маданий борбор курулууда
- 2 недели мурун
- Жаңылыктар
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев мурдагы «Чатыр-Көл» кинотеатрынын ордуна курулуп жаткан жаңы маданий борбордун курулушунун жүрүшү менен таанышты.
Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, долбоорго ылайык, аянты 0,4 гектарды түзгөн жерде жалпы аянты 7 490 чарчы метр болгон үч кабаттуу имарат курулууда. Борбордо 420 орундуу кинотеатр, 330 орундуу көргөзмө залы, музыкалык жана театралдык класстар, фуд-корт жана көп функционалдуу мейкиндиктер каралган.
Ошондой эле 92 унаага ылайыкталган жер алдындагы унаа токтотуучу жай болот.
Бүгүнкү күндө имараттын темир-бетон каркасын куруу иштери толугу менен аяктады. 1- жана 2-кабаттарда кирпич дубалдарды тургузуу иштери аяктап, 3-кабатта кирпич коюу иштери уланууда. 1- жана 2-кабаттарда дубалдарды шыбоо иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле электр монтаждоо иштери аткарылууда.
Мэр жаңы борбор биринчи кезекте шаар тургундарына багытталып, негизинен административдик эмес, коомдук багыттагы объект болушу керектигин белгиледи.
Сүрөт: Бишкек мэриясы




