Ысык-Көл облусунда “Тескей” геопаркын түзүү маселеси талкууланды
- 3 недели мурун
- Жаңылыктар
Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратында президенттин тоо күн тартиби боюнча атайын өкүлү Динара Кемелованын төрагалыгы алдында “Тескей” геопаркын түзүү маселелери боюнча жыйын өттү.
Бул тууралуу президенттин сайтында маалымат жарыяланды.
Жыйынга Балыкчы шаарынын мэри, Жети-Өгүз жана Тоң райондук мамлекеттик администрацияларынын жетекчилери, ошондой эле демилгелүү топтун, тиешелүү кызматтардын жана Ысык-Көл облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышты.
Динара Кемелова жакында геопарктар жөнүндө мыйзам кабыл алынганы жана Кыргызстанда геопарктарды түзүүнүн өлкөнүн тоолуу аймактарын туруктуу өнүктүрүү үчүн маанилүүлүгү тууралуу айтып берди.
Иш-чаранын катышуучулары демилгелүү топтун бет ачар маалыматы менен таанышып, “Тескей” геопаркын түзүү демилгесин ишке ашыруунун алдыдагы кадамдарын жана иш жүзүндөгү аспектилерин талкуулады.
Ошондой эле тоолуу райондорду туруктуу өнүктүрүү максатында мамлекеттик органдар менен жергиликтүү коомчулуктардын ортосундагы тыгыз өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.
Иллюстраиялык сүрөт: president.kg




