“Асман — экологиялык таза шаар» долбоорун ишке ашыруу талкууланды

  • 3 года мурун

17-июлда Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Тору-Айгыр айылында н Президенттин кеңешчиси Равшанбек Сабировдун төрагалыгы алдында “Асман — экологиялык таза шаар” пилоттук долбоорун ишке ашыруу алкагында чечимдерди иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун көчмө кеңешмеси болуп өттү.

Ушул жылдын 15-июлунда Министрлер Кабинетинин буйругу менен аталган пилоттук долбоордун алкагында долбоордук чечимдерди иштеп чыгуу максатында ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлгөн.

Анын курамына Министрлер кабинетине караштуу архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Токтомамбет Сатышов (жумушчу топтун жетекчиси), айыл, суу чарба жана региондорду өнүктүрүү министринин орун басары Нурлан Шерипов (жумушчу топтун жетекчисинин орун басары), ошондой ишке тартылган мамлекеттик органдардын өкүлдөрү кирген.

Аткарылган иштердин жыйынтыгында Асман экологиялык таза шаарын куруунун долбоордук документтеринин толук пакети менен жыйынтыктоочу координациялык план Министрлер Кабинетине киргизилет.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты