Ырчы, активист Аскат Жетиген кайрадан кармалды

  • 1 месяц мурун

Ырчы, акын, активист Аскат Жетиген Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан кайра кармалды.

Аскат Жетиген өзү кармалганын жазып, адвокаты Венера Буудайчиева ЖМКга тастыктады.

Бул ирет ырчы, активист бийликти басып алууга чакырык жасоо беренеси менен айыпталып жаткандыгы айтылууда.

Учурда Аскат Жетигендин соту болуп жаткандыгы кабарланды.

Аскат Жетиген УКМК тарабынан 16-мартта кармалган жана 48 саатка камалган

18-мартта Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту ырчы жана активист Аскат Жетигенди эч жакка чыкпоо кепилдиги менен камактан чыгаруу чечимин кабыл алган.

Эч жакка чыкпоо кепилдиги менен камактан чыгарылган акын Аскат Жетиген Фейсбуктагы баракчасына билдирүү жасап, элден кечирим сурады.

«Мен элимден кечирим сурайм. Залкар өнөрдүн ээси болуп туруп, маданиятсыздыкка алдырганым үчүн. Ошол эле учурда эскертип айта кетким келет. Мен маданиятсыздыкка алдырган жокмун. Мен атайын сөктүм. Бул кадамым менин 20 жыл бою кашыктап чогулткан кадырымды чөмүчтөп чачып коёрун билип туруп сөктүм. Элимдин таламын талашып, жеримди бүтүн бойдон сактоо үчүн мен тозокко киргенге даярмын. Мамлекетин бүтүндүгү, эгемендиги, келечеги коркунучта турган кезде жасалма сүйлөп жасакер боло албайм. Бул позицияда акырына чейин турам. Ак ийилет, бирок сынбайт» деп жазган Аскат Жетиген.

Сүрөт: «ПолитКлиника».

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты