Депутаттар балдар нефрологунун камалышы медицина адистерине чоң сокку болорун белгиледи  

Бүгүн, 16-сентябрда, Жогорку Кеңешин жалпы жыйынында депутат Илим Кубанычбеков дарыгерлердин коопсуздугу, врач-нефролог Насира Бейшебаеванын үч жылга эркинен ажыратылышы боюнча маселе көтөрдү.

-Насира Бейшебаева Бишкек шаардык сотунун чечими менен үч жылга эркинен ажыратылды. Бул медицина кызматкерлерине болгон чоң сокку десек жаңылышпайм. Себеп дегенде бул окуядан кийин медицина тармагында, врачтарда олуттуу кооптонуу пайда болот. Дарыгерлер өздөрүнүн кесиптик ишмердүүлүгүн алып барууга коркунуч жаралды десем да жаңылышпайм. Насира Бейшебаева тууралуу айтсак, өмүрүнүн көп жылдарын Кыргыз медицинасына, ошонун ичинде жаш балдардын бөйрөк оор патологиясын дарылоого, өмүрүн сактап калууга себепчи болуп келген. Мындай тажрыйбалуу адистерди тарбиялоо мамлекет үчүн дагы, коомчулук үчүн дагы бир топ жылдарды талап кылат. Эгер биз күчтүү, тажрыйбалуу адистерибизди сактап кала албасак, эртеңки күнү эч ким өзүнө жоопкерчилик алгысы келбей, медицина бир топ артта калышы мүмкүн.  Биз мындан да кеңири маселени карашыбыз керек, биз медицина кызматкерлеринин жоопкерчилиги менен катар алардын укуктук корголушу боюнча системаны түзүүгө жооп беришибиз керек,-деди депутат Кубанычбеков.

Ошондой эле врачтардын кесипкөйлүгүнө баа бере турган системанын түзүлүшүнө баа беришибиз керек, -деди депутат.

Депутат Жылдыз Садырбаева да Илим Кубанычбеков көтөргөн маселени улантты. Депутат  Садырбаева биринчиден, жабыр тарткан үй-бүлөгө, жаш кыздын бутунан ажырап калгандыгына кайгырганын айтты. Ошондой эле дарттын өтүшүп кеткендиги дарыгердин кылмышыбы деген суроо салды. Жылдыз Садырбаева чечимди жалгыз Насира Бейшебаева кабыл албагандыгын, ал дарыгерлердин консилиуму тарабынан чечилгендигин белгиледи. Бейтаптын гана эмес, дарыгердин да укугун коргоо зарылдыгын айтты.     

Бишкек шаардык соту 10-сентябрда Ленин райондук сотунун чечимин өзгөрттү. Дарыгер-нефролог Насира Бейшебаеваны үч жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарды. Жаза өтөөнүн пробациялык режими жокко чыгарылып, дарыгер сот залынан камакка алынды.  

2025-жылдын 25-августунда укук коргоо органдарына З.С. аталган дарылоо жайдын врачынын жаңылыш дарылагандыгы мүмкүн экенин, анын кесепетинен бейтаптын ден соолугуна кесепети тийгендиги боюнча арыз жазган. Анда 2024-жылы врач-нефролог 2011-жылы туулган К.А. ны дарылоодон кийин бейтап оор кесепетке туш келип, оң бутун ампутациялоого дуушар болгондугун билдирген.

Бул арыз боюнча кылмыш-жаза кодексинин 146-беренесинин 2-бөлүгү боюнча, кесиптик милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы боюнча кылмыш иши козголгон. Дарыгер Бишкек шаарынын убактылуу камак жайына киргизилген.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 19-февралдагы чечими менен Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун врач-нефрологу  Н. Б. үй камагына чыгарылган.

Сүрөт: Врач-нефролог. Бишкек ИИББ  

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты