Washington Post: Газада беш күнгө согушту токтотуу боюнча алдын ала келишим түзүлдү

  • 6 месяцев мурун

Катардын ортомчулугу менен Израилдин, АКШнын жана ХАМАС радикал тобунун (АКШ менен Евробиримдикте террордук уюм деп таанылган) катышуусунда өткөн сүйлөшүүлөрдө Газа тилкесинде согуштук аракеттерге беш күндүк тыныгуу жарыялоо боюнча алдын ала макулдашууга жетишилди.

Сүйлөшүүлөр учурунда ХАМАС барымтадагы 200дөн ашуун кишинин 50сүн бошотууга макул болду. Бул тууралуу келишимдин шарттары менен тааныш болгондорго шилтеме жасоо менен Washington Post гезити жазып чыкты.

Келишим алты барактан турары жана барымтадагылар 24 сааттык интервал менен чакан топ болуп бошотулары айтылды.

Бирок АКШнын Улуттук коопсуздук кеңеши азырынча келишим түзүлө электигин билдирди. Израил бийлиги да келишимдин бар экенин четке кагууда. Мурдараак маалымдалгандай, Израил 50 эмес андан көп кишини бошотууну талап кылып, келишимдин мурунку версиясынан баш тарткан. Жалпысынан барымтада 240тай адам бар.

Бул арада Катардын премьер-министри жана башкы дипломаты Мохаммед бен Абдулрахман Аль Тани барымтадагыларды бошотуу жараянында негизинен «логистикалык маселелер» гана калганын билдирди.

«Макулдашуунун алдында практикалык жана логистикалык мүнөздөгү маселелер турат» деди Катардын премьери Евробиримдиктин тышкы иштер мекемесинин башчысы Жозеп Боррел менен Дохада уюштурган басма сөз жыйынында.

Израил армиясы Газа тилкесинде ХАМАСтын согушкерлерине каршы соккусун улантууда. Толук курчоодо калган палестин анклавынын түндүгүндө катуу согуш жүрүп жатат.

7-октябрда ХАМАС радикал тобу Израилге кол салып, 1200дөй бейкүнөө кишинин өмүрү кыйылган. 200дөн ашуун адамды согушкерлер барымтага түшүрүп, Газа тилкесине алып кеткен. Миңдегени жараат алган.

ХАМАС көзөмөлдөгөн Газанын саламаттык сактоо мекемеси согуш башталганы 12 миңдей киши набыт болгонун маалымдады. Бир жарым миллиондон ашуун палестин аймактын түштүк тарабына качууга мажбур болду. Бул сандарды көз карандысыз булактардан бышыктоо мүмкүн эмес.

Сүрөт: Reuters

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты