БУУнун Коопсуздук кеңеши Израил-ХАМАС жаңжалы боюнча резолюция кабыл алды

  • 5 месяцев мурун

15-ноябрда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңеши палестинизраиль жаңжалы боюнча Мальта сунуштаган резолюцияны кабыл алды. Бул тууралуу БУУнун сайты кабарлады.

Документти Коопсуздук кеңешинин 12 мүчөсү колдоп, үчөө – Орусия, АКШ жана Улуу Британия калыс калышты.

Резолюция «бошотулган аймактардын жай тургундарына жардамдын толук көлөмдө жетиши үчүн» Газанын бүткүл аймагында чукул жана узак мөөнөттүү гуманитардык тыныгууларды жарыялоого чакырат. Мындан тышкары ал «ХАМАС жана башка топтордун барымтасындагы адамдарды, биринчи кезекте балдарды тез арада жана эч кандай шарттарсыз бошотууга» үндөйт.

Бул 7-октябрдан кийин башталган палестин-израил кризиси боюнча Коопсуздук кеңеши кабыл алган алгачкы резолюция болуп калды. Буга чейин Коопсуздук кеңештин добуш берүүсүнө резолюциянын бир нече варианты сунушталып, бирок бирөө да кабыл алынган эмес. АКШ резолюциянын Бразилия сунуштаган варинатына вето койсо, Орусия менен Кытай АКШнын резолюциясын колдогон эмес.

Израил ХАМАС тобу барымтадагы адамдарды бошотмоюнча гуманитардык жарашуу жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзбөй турганын дагы бир жолу кайталады.

«Израил ХАМАС толугу менен жок кылынып, барымтадагы адамдар бошотулмайынча өз аракеттерин токтотпойт»деди Израилдин БУУдагы өкүлү Гилад Эрдан.

ХАМАСтын жоочулары 7-октябрда Израилдин шаар-кыштактарына Газа тараптан чабуул коюп, 200дөн ашуун кишини барымтага алып кеткен. Расмий Тель-Авив ХАМАСтын чабуулунан Израил тарапта 1 200дөй киши өлгөнүн маалымдаган.

Израил радикал топко согуш жарыялап, Газа тилкесинде аба чабуулдарын жана бомбалоолорун баштаган. ХАМАС башкарган Газанын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 7-октябрдан бери тилкеде 11 200дөй адам мерт болду. Алардын 4 500дөйү балдар.

Сүрөт: БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйыны. Иллюстрациялык сүрөт

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты