Ата Мекендик согуштун ар бир ардагерине 200 миң сом материалдык жардам көрсөтүлөт

  • 1 месяц мурун

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине 200 миң сом өлчөмүндө бир жолку материалдык жардамды төлөнөт. Бул тууралуу тескемеге Садыр Жапаров кол койгону тууралуу президенттин расмий сайтында жарыяланды.  

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине почта чыгымдарын эске алуу менен президенттин фондунан 4 848 000 сом бөлүү тапшырылат:

Бир жолку материалдык жардам төмөнкүлөргө берилет:

– Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына;

 – Экинчи дүйнөлүк согуш мезгилинде нацисттер жана алардын союздаштары тарабынан түзүлгөн концлагерлердин, геттолордун жана башка мажбурлап кармоо жайларынын жашы жете элек туткундары болгон адамдарга;

–1941-жылдын 8-сентябрынан тартып 1944-жылдын 27-январына чейинки блокада мезгилинде Ленинград шаарындагы ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда иштеген, «Ленинградды коргогону үчүн» медалы менен сыйланган адамдарга жана «Ленинградда блокада учурунда жашаган» белгиси менен сыйланган адамдарга берилет.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты