Футбол: Кыргызстан-Палестина оюнун көрүүгө президент, ЖК төрагасы жана МинКаб төрагасы барды
- 1 месяц мурун
Садыр Жапаров 6-июнда Кыргызстан менен Палестинанын улуттук курама командаларынын ортосундагы алгачкы жолдоштук футболдук беттешти көрүүгө президент, Жогорку Кеңештин спикери, Министрлер кабинетинин төрагасы да барды.
Бул тууралуу президенттин расмий сайтында маалымдалды.
Спорттук иш-чара Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо ФИФАнын июнь күндөрүнүн жана Азия Кубогу-2027ге даярдык көрүү иштеринин алкагында өттү.
Мамлекет башчы менен бирге Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев жана Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев да оюнга барышты.
Командалар оюнду 0:0 эсебинде жыйынтыкташты.
Курамалардын ортосундагы экинчи беттеш 9-июнда өтөт.
Сүрөт: president.kg
Муну бөлүшүү




