Биринчи май райакимчилиги ишкерлерден эки күнгө ишин токтотууну суранууда
- 3 недели мурун
- Жаңылыктар
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук акимчилиги ишкерлерди 31-август жана 1-сентябрь күндөрү ишин токтото туруу өтүнүчтөрүн жиберүүдө.
Бул меймандар өтүүчү негизги жол жээктеринде жайгашкан коомдук тамактануу, унаа жуучу жайларга, техникалык тейлөө жайларына тиешелүү.
Биринчи май райондук акимчилигинин мындай талаптарынын себеби Шанхай Кызматташтык Уюмунун жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын өткөрүлүшүнө байланыштуу делегациялардын коопсуздун жана үзгүлтүксүз жүрүшүн камсыздоо максатын көздөйт.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жарандарга жана иш берүүчүлөргө майрамдык жана кошумча эс алуу күндөрүнө байланыштуу иш тартиби жөнүндө маалымдады. 29-30-август — ишемби, жекшемби. 31-август — Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү — майрам болуп саналат.
Ишти токтотууга мүмкүн болбогон жумуштарда, анын ичинде үзгүлтүксүз иштеген уюмдарда, калкты тейлөө зарылдыгына байланыштуу жумуштарда, ошондой эле шашылыш оңдоо жана жүктөө-түшүрүү иштеринде өзгөчө тартип колдонулат.
Иш эмес майрам күнүндө иштегендиги үчүн тараптардын макулдашуусу боюнча кызматкерге башка эс алуу күнү берилет, иштеген күн эмгек өргүүсүнө кошулат же эмгек акы кеминде эки эселенген өлчөмдө акчалай компенсацияланат.
Ошондой эле 2026-жылдын 1-сентябры Бишкек шаарында жайгашкан бюджеттик уюмдардын кызматкерлери үчүн орточо күндүк эмгек акысы сакталуу менен эс алуу күнү болуп белгиленген.
Жеке менчик уюмдары үчүн аталган токтом сунуш мүнөзүндө болот.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жана Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммити Бишкекте 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин өтөт.
Иллюстрациялык сүрөт коллажы: ИИМ




