Тышкы иштер министрлиги Израилдеги кырдаалга байланыштуу билдирүү таратты

  • 7 месяцев мурун

Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги Израилдин палестиналык ХАМАС кыймылы менен жаңжалы жана Израиль жергесиндеги кагылышууларга байланыштуу 7-октябрда билдирүү таратып, андагы элчилик (резиденциясы Түркиянын Анкара шаарында) кыргызстандык жарандар жабыркаганы тууралуу маалымат түшпөгөндүгүн билдирди.

Ошол эле кезде Кыргыз Республикасынын Израилдеги жарандарына чек ара аймактарына чектеш жердеги куралдуу кагылышуу болуп жаткан аймактарга барбай турууга чакырды.

Кыргызстандын элчилиги Израиль тарап менен байланышта, абалга байкоо салып жатканын жана ал жактагы кыргызстандыктардан кабар алып жатканын маалымдады.   

Керек учурда Израилдеги кыргызстандыктарды +90 5456896800.номурдагы ишеним телефону аркылуу байланышууга чакырды.

7-октябрда эртең менен палестиндердин Газа секторун көзөмөлдөгөн ХАМАС тобу Израилди ракета менен аткылаган. Мындан кийин Израилдин армиясы «Темир кылыч» деп аталган операцияны баштап, Газа секторуна абадан сокку урууда.

Сүрөт: Израилде. Reuters

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты