Пакистан менен Ооганстан ок атышууну убактылуу токтотуу чечимин кабыл алды
- 3 месяца мурун
Пакистан менен Ооганстан орозо айт майрамына байланыштуу бири-бирине каршы чабуулдарын бир убакта убактылуу токтотуу чечимин кабыл алды.
Бул чечим Катар, Түркия жана Сауд Арабиясы тарабынан жасалган кайрылуудан кийин кабыл алынган. Ооган өкмөтүнүн өкүлү Забихулла Муджахид социалдык тармакта бул тууралуу билдирүү жасаган.
Пакистандын маалымат министри Аттаулла Тарар да өлкө убактылуу согуш аракеттерин токтотконун жарыялаган.
Макулдашууга ылайык, ок атышпоо келишими 19-марттын түнүнөн 24-марттын түн ортосуна чейин күчүндө болот.
Үч жума мурда Пакистандын коргоо министри Хаваджа Асиф Ооганстандагы талибдер кыймылынын бийлигине каршы “ачык согуш” башталганын билдирди. Бул тууралуу ал Х социалдык түйүнүнө жазды.
Исламабад пакистандык теракт уюштуруучулар Ооганстанга жашырынып алып, ал жактан Пакистанга чабуул коюуну көздөп жатканын билдирген.
26-февралда Ооганстан Пакистандын соккусуна каршы операциясын баштаган.
Сүрөт: Reuters




