УТРК жана ЭлТР мамлекеттик телеканалдарда депутаттыкка талапкерлер үчүн акысыз эфир убактысын бөлүштүрүү графиги түзүлдү

  • 1 месяц мурун

УТРК жана ЭлТР мамлекеттик телеканалдарда Жогору Кеңештин депутаттыгына талапкерлер үчүн акысыз эфир убактысын бөлүштүрүү графиги түзүлдү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) билдирди.

Маалыматта айтылгандай, мыйзамга ылайык, талапкерлерге мамлекеттик телерадио уюмдарынын телеканалдарында акысыз эфир убактысы берилүүгө тийиш.

Белгиленген акысыз эфир убактысынын жалпы көлөмүнүн кеминде жарымы талапкерлердин биргелешкен дебаттарына жана башка ушул сыяктуу үгүт иш-чараларына гана арналат. Бул бөлүнгөн убакытты колдонууга бардык талапкерлер тең укуктуу негизде пайдаланууга тийиш.

Биргелешкен үгүт иш-чараларына (дебаттарга жана ушул сыяктуу форматтагы иш-чараларга) катталган талапкерлер сөзсүз түрдө өздөрү жеке катышууга милдеттүү. Катталган талапкердин өкүлдөрү же колдоо топторуна мындай иш-чараларга катышууга жол берилбейт.

Эгер талапкер дебатка катышуудан баш тартса, же белгиленген убакта келбей калса, ага башка убакытта эфир берилбейт.

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу үчүн катталган талапкерлердин арасында УТРК жана ЭлТР телеканалдарындагы акысыз эфир убактысын бөлүштүрүү боюнча чүчүкулак өткөргөн.

Чүчүкулактын жыйынтыгына ылайык, дебаттарга жана жеке кайрылууларга катышуу ирети төмөнкүдөй болуп аныкталды:

тиркеме УТРК  ЭЛТР

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңешке көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча депутаттыкка талапкерлерди каттоо процессин аяктады. Жалпысынан 30 шайлоо округунан 467 талапкер катталды. Алардын ичинен 276 эркек, ал эми 191 аял талапкерлер.

Маалыматка ылайык, талапкерлердин саны боюнча эң көп катышкан округ — №19 округ, анда 25 талапкер катталган. Эң аз талапкер катталган округ — №11 округ, анда болгону 5 талапкер бар.

Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалды.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн 30 көп мандаттуу шайлоо округу түзүлдү, алардын ар биринде Жогорку Кеңештин 3төн депутаты 5 жылдык мөөнөткө шайланат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты