“Улуу көчмөндөр мурасы” эмеректи бүт Италиядан алдырган. Буларга ким жооп берет? Депутат Акаев суроо салды

  • 1 год мурун

Бүгүн, 8-декабрда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Жанарбек Акаев жоюлуп жаткан “Улуу көчмөндөр мурасы” компаниясынын 700 миллион сомдук чыгымдарын ким төлөй турганы боюнча премьер-министр Акылбек Жапаровго суроо салды. Акылбек Жапаров жооп бере турган киши түрмөдө отурганын жана сот ал кишинин күнөөсүн же күнөөлүү эместигин аныктай турганын билдирди.   

Жанар Акаев мындай деп суроо берди:

-Үч жарым миллиард акча бөлүнүп, “Улуу көчмөндөр мурасы” түзүлдү эле. Азыр чыгым 700 миллион деп атат. Жоюунун өзүнө эле 200 млн каражат кетет деп жатат. Бул кандай болот, бир киши үчүн ушундай ишканалар түзүлүп, кайра миллиондогон чыгымдар боло береби? Европадан, Америкадан, Казакстандан кыргыздын мыкты уул-кыз, менеджерлери келген эле да. Эми алардын көңүлдөрү калып, бүт баары кетишти “болбойт экен, бекер эле келиптирбиз” деп. “Көчмөндөр” мурасынын чыгымдарына ким жооп берет?-деди депутат Акаев.

Ага премьер-министр Жапаров мындайча жооп берди:

-Жооп бере турган киши отурбайбы? (-түрмөдө, Теңгиз Бөлтүрүк  -Ред.) Эгер күнөөлүү болсо, сот аркылуу күнөөсүн далилдейт. Күнөөсү жок болсо, күнөөсү жок экени далилденет. Бул жерде прессага чыккан 700 миллиондун дээрлик көпчүлүгү бонус, биз он чакты лицензия бергенбиз, ошолордун бизнес-долбоорлору иштей баштаган. Биз бонус катары жаратылыш ресурстары агенттигине төлөшүбүз керек эле. Акчанын баары кайра эле бюджетке келип түшөт.

Жанар Акаев абдан көп каражаттарды жумшап салышканын белгиледи.

-Керек болсо театр курабыз деп, ырчыларды каржылап, бир чоң иш башталган. Эмеректерди бүт Италиядан заказ берип алдырышкан. Абдан көп каражаттарды жумшап салышкан.

.Акылбек Жапаров эмеректер боюнча кылмыш иши козголгонун айтты:

-Эмеректеринин алкагында кылмыш иши козголуп, ошонун үстүндө суроо-талаптар жүрүп жатат. Ал эми театр куруу боюнча биз бизнес-долбоорун бекиткен эмеспиз. Бизнес-долбоорлорунун дээрлик көпчүлүгү кендерди өзүбүз иштетебиз деп, ошонун тегерегинде болгон.

Жанар Акаев бюджетти “ойлонбосок болбойт, таңсыктыгы да чоң болуп жатат” деди.

Жер казынасын пайдаланууга жана экономика тармагында долбоорлорду ишке ашырууга багытталган «Улуу көчмөндөр мурасы» улуттук холдинг компаниясы» ачык акционердик коому мындан бир жыл мурда түзүлгөн. Тиешелүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

«Улуу көчмөндөр мурасы» улуттук холдинг компаниясы» ААКынын түзүүчүсү – Кыргызстандын финансы министрлиги жана компания толугу менен мамлекетке карай турганы белгиленген.

Компаниянын уставдык капиталы 100 млн сом өлчөмүндө белгиленген. Маалыматта 2022-жылы аталган сумманы 1 млрд сомго жеткирүү пландалып жатканы айтылат.

Холдинг ачылганда амбициялуу пландарды камтып, кен казуудан баштап гидроэнергетика, билим берүү, туризм жана башка тармактарда 30дан ашык ири долбоорду ишке ашыруу планын жарыялаган.

Долбоорлордун арасында Ысык-Көлдө цемент заводун куруу, жылына 5 миллион тонна көмүр казууга мүмкүн болгон “Кавак” күрөң көмүр бассейнин өздөштүрүү, Куттуу-Сай, Талды-Булак, Андаш кендерин казуу, Чоң-Кемин, Кара-Көл жана Орто-Токой ГЭСтерин куруу, билим берүү жана IT тармагын өнүктүрүү, өнөр жай жана кайра иштетүүчү ишканаларды куруу каралган.

Улуттук холдингдин башчысы болуп “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун ошол убактагы убактылуу тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүк дайындалган.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирип, президенттин катышуусунда 282 миллион доллардан турган бюджети бекитилгенин айткан.

Буга чейин «Кумтөр» компаниясын жетектеп келген Теңгиз Бөлтүрүк жана ишкананын финансылык директору Рыспек Токтогулов кызматтарынан четтетилди. Эсептөө палатасы «Кумтөр» компаниясын май айында текшерип, финансылык мыйзам бузуулар, атап айтканда, күйүүчү-майлоочу майлар, тамак-аш продуктулары, тетиктер базар баасынан жогорку баада сатылып алынгандыгын аныктаган. 

Теңгиз Бөлтүрүк «коррупциялык иштерди мага шылтоо негизсиз» деп айтып келет.          

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты