Теңгиз Бөлтүрүк: «Коррупциялык иштерди мага шылтоо негизсиз»

  • 1 год мурун

«Коррупциялык иштерди мага шылтоо негизсиз», — деп бүгүн, 15-сентбрда Теңгиз Бөлтүрүк «Азаттыкка» билдирди.

“Бардык айыптоо калп, абсурд. Мен эки чоң компаниянын жетекчиси болуп иштедим, андан сырткары юридикалык иштерди дагы мен аткардым. Менде аябай көп иш болду. Мен бардык иштерди көзөмөлдөөгө жетишкен жокмун. Айрымдары чынында коррупциялык иштер менен алектеништи. Анын баарын мага шылтоо негизсиз”, — деди Бөлтүрүк.

Башкы прокуратура алдын ала эсептөө боюнча “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун кызмат адамдарынын коррупциялык схемасынын натыйжасында мамлекетке 1 млрд. сомго жакын зыян келтирилгендиги аныкталгандыгын билдирген. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча акционердик коомдор жөнүндө мыйзамдарда белгиленген убактылуу тышкы башкаруу киргизилген учурда,  акционердик коомду башкаруу органдары үчүн чектөөлөрдү бузуу фактысы боюнча үч кылмыш иши козголгон.

Буга чейин «Кумтөр» компаниясын жетектеп келген Теңгиз Бөлтүрүк жана ишкананын финансылык директору Рыспек Токтогулов кызматтарынан четтетилди. Эсептөө палатасы «Кумтөр» компаниясын май айында текшерип, финансылык мыйзам бузуулар, атап айтканда, күйүүчү-майлоочу майлар, тамак-аш продуктулары, тетиктер базар баасынан жогорку баада сатылып алынгандыгын аныктаган. 

Башкы прокуратура жалпы көзөмөл иретинде улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, ички иштер министрлигинин, эсептөө палатасынын кызматкерлерин тартуу менен текшерүү иштерин баштаганы маалымдалды.

29-июлда, Кыргыз Республикасынын Улуу Британиядагы элчилигинде “Кумтөр” алтын кенин Кыргызстандын менчигине өткөрүү процессин тастыктаган документтерди алмашуу процедурасы өттү.

4-апрелде президент Садыр Жапаров Кумтөр алтын кенинин Кыргызстанга толук кайтарылышы боюнча өлкөнүн элине түз эфирде кайрылуу жасап, Кумтөр толугу менен Кыргызстандын энчисине өткөнүн белгилеген.

Сүрөт: «Азаттык»

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты