Кыргызстанда «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» аттуу улуттук холдинг түзүлдү

  • 2 года мурун

Жер казынасын пайдаланууга жана экономика тармагында долбоорлорду ишке ашырууга багытталган «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» Улуттук холдинг компаниясы» ачык акционердик коому түзүлдү. Тиешелүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган чечим президенттин 2021-жылдын 29-январындагы № 5 “Кыргыз Республикасынын кен казуу тармагын реформалоо маселелери жөнүндө” Жарлыгын аткаруу максатында кабыл алынган.

«Улуу көчмөндөрдүн мурасы» Улуттук холдинг компаниясы» ААКынын түзүүчүсү — Кыргызстандын Финансы министрлиги жана компания толугу менен мамлекетке карайт.

Учурда компаниянын уставдык капиталы 100 млн сом өлчөмүндө белгиленген. Маалыматта 2022-жылы аталган сумманы 1 млрд сомго жеткирүү пландалып жатканы айтылат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты