Улуттук гвардиячылар Москва жана Минскидеги аскердик парадга катышат

  • 2 месяца мурун

24-апрелде Канттагы авиабаза аркылуу Коргоо министрлигинин Улуттук гвардиясынын Ардак кароол ротасы Москвадагы Улуу Жеңиш күнү боло турган аскердик парадга катышууга аттанып кетти. Алар Москва жана Минск шаарларында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн көрсөтөт.

Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Улуттук гвардиянын Ардак кароол ротасы Пекин, Москва жана Минскидеги аскердик параддарга катышып келген.

Бул гвардиячылардын Кыргызстандан тышкары катышкан биринчи парады эмес.

Быйыл Бишкекте Жеңиш парады 8-майда өтөт. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Парад Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата Ала-Тоо аянтында уюштурулат. Ага Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн жана башка күч түзүмдөрүнүн жеке курамы катышат.

Ал эми 9-майда президент Садыр Жапаров Москвадагы Жеңиш парадына катышарын президенттик администрациядан тастыкташты.

“Өлбөс полк” жүрүшү бул жылы 9-майда өткөрүлөт. Бул тууралуу “Өлбөс полк” жүрүшүнүн кооринатору Зульфира Хайбулина басма сөз жыйынында билдирди.

Анын айтуусунда, “Өлбөс полк” жүрүшү Кыргызстандын бардык аймактарында жүрөт. Бишкекте мурдагыдай эле, жүрүш саат 9:00 дөн Түштүк дарбазадан башталып, Байтик Баатыр көчөсүнөн, Абдрахманов көчөсүнө, андан ары Фрунзе көчөсү менен Жеңиш аянтына барып токтойт.

Сүрөт: Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты