Москвада кыргызстандыкты өлтүрүүгө шектүүнүн бири кармалды
- 3 недели мурун
Москвада кыргызстандыкты өлтүрүүгө шектүүнүн бири кармалды. Бул тууралуу Орусиянын Тергөө комитети билдирди.
Орусиянын Башкы тергөө башкармалыгынын түштүк-чыгыш административдик округу боюнча Люблин район аралык бөлүмү Россиянын кылмыш-жаза кодексинин 105-беренеси, киши өлтүрүү фактысы боюнча козголгон ишти тергеп жатат.
Москванын Люблин көчөсүндөгү үйдөн дивандан кыйнап өлтүрүлгөн белгилер менен аялдын сөөгү табылган.
Тергөөнүн жүрүшүндө аны батирдеги коңшусу 1996-жылы туулган чет өлкөлүк жаран өлтүрүүгө шектелген. Ал Россиядан чыгып кеткен. Ага сыртынан киши өлтүрүүгө шектүү катары айып тагылган.
Ошондой эле аяды өлтүрүүгө жабырлануучунун дагы бир коңшусунун тиешеси бар деп табылган.
Орусиянын Тергөө комитети 33 жаштагы кыргызстандык Айгерим аттуу жарандын өлүмүн иликтеп жатат. Анын сөөгү батирдеги дивандан табылган.
Ал Москвадагы ооруканалардын биринде пол жуугуч болуп иштеген жана эки мекендеши менен эки бөлмөлүү батир жалдап турушкан. Ал 8-майдан бери кабарсыз болуп жаткан. Үйдөгү камера Айгерим 8-майда саат 21:00 де батирге киргенин көрсөткөн. Ошол боюнча анын дайыны белгисиз болгон.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




