“Өлбөс полк” жүрүшү 9-майда өткөрүлөт
- 4 дня мурун
“Өлбөс полк” жүрүшү бул жылы 9-майда өткөрүлөт. Бул тууралуу “Өлбөс полк” жүрүшүнүн кооринатору Зульфира Хайбулина басма сөз жыйынында билдирди.
Анын айтуусунда, “Өлбөс полк” жүрүшү Кыргызстандын бардык аймактарында жүрөт. Бишкекте мурдагыдай эле, жүрүш саат 9:00 дөн баштап Түштүк дарбазадан башталып, Байтик Батыр көчөсүнөн, Абдрахманов көчөсүнө андан ары Фрунзе көчөсү менен Жеңиш антына барып токтойт.
Аталган багыт Бишкек шаарынын мэриясы менен дагы такталып айтылат.
Быйыл Бишкекте Жеңиш парады 8-майда өтөт. Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгону маалымдалган. Парад Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата Ала-Тоо аянтында уюштурулат. Ага Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн жана башка күч түзүмдөрүнүн жеке курамы катышат.
Ал эми 9-майда президент Садыр Жапаров Москвадагы Жеңиш парадына катышарын президенттик администрациядан тастыкташты.
Министрлер кабинети «1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгы» аталышындагы бирдиктүү юбилейлик медаль менен сыйлоо тартибин бекитти. Документ КМШнын бирдиктүү юбилейлик медаль уюштуруу жөнүндөгү чечимин ишке ашыруу максатында даярдалган.
Сүрөттө: «Өлбөс полк» жүрүшү. Интернет булактарынан