Жеңиш парады 8-майда өтөт
- 1 месяц мурун
Быйыл Бишкекте Жеңиш парады 8-майда өтөт. Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Парад Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата Ала-Тоо аянтында уюштурулат. Ага Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн жана башка күч түзүмдөрүнүн жеке курамы катышат.
Ал эми 9-майда президент Садыр Жапаров Москвадагы Жеңиш парадына катышарын президенттик администрациядан тастыкташты.
Министрлер кабинети «1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгы» аталышындагы бирдиктүү юбилейлик медаль менен сыйлоо тартибин бекитти. Документ КМШнын бирдиктүү юбилейлик медаль уюштуруу жөнүндөгү чечимин ишке ашыруу максатында даярдалган.
Сүрөт: 2022-жылы. president.kg
Муну бөлүшүү