Москвада кыргыз аялды өлтүрүүгө кыргызстандык жаран шектелүүдө
- 3 недели мурун
21-майда Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Москвада кыргызстандык аялды өлтүрүүгө шектелип кармалган Кыргызстандын жараны экенин билдирди.
“Москва шаары боюнча Россиянын Тергөө комитетинин Башкы тергөө башкармалыгынын Түштүк-Чыгыш административдик округу боюнча тергөө бөлүмү тарабынан Россиянын кКылмыш-жаза кодексинин 105-беренесинин 1-бөлүгүндө («Киши өлтүрүү») каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголгон. Бул иштин алкагында Кыргыз Республикасынын жараны, 1995-жылы туулган С.Ж. аттуу шектүү кармалган” деп айтылат маалыматта.
-Мындан тышкары, тергөө тарабынан Кыргыз Республикасынын жараны, 1992-жылы туулган Т.А. аттуу каза болгон жарандын тек-жайы такталды.Кыргыз Республикасынын Россиядагы элчилиги каза болгон жарандын жакындары менен байланыш түзүп, анын сөөгүн мекенине жеткирүү маселеси иштелип чыгууда.
Орусиянын Башкы тергөө башкармалыгынын Түштүк-Чыгыш административдик округу боюнча Люблин район аралык бөлүмү Россиянын кылмыш-жаза кодексинин 105-беренеси, киши өлтүрүү фактысы боюнча козголгон ишти тергеп жатат.
Москванын Люблин көчөсүндөгү үйдөн дивандан кыйнап өлтүрүлгөн белгилер менен аялдын сөөгү табылган. Тергөөнүн жүрүшүндө аны батирдеги коңшусу 1996-жылы туулган чет өлкөлүк жаран өлтүргөнү аныкталган. Ал Россиядан чыгып кеткен. Ага сыртынан киши өлтүрүүгө шектүү катары айып тагылган.
Ошондой эле аялды өлтүрүүгө жабырлануучунун дагы бир коңшусунун тиешеси бар деп табылган.
Орусиянын Тергөө комитети 33 жаштагы кыргызстандык Айгерим аттуу жарандын өлүмүн иликтеп жатат. Анын сөөгү батирдеги дивандан табылган.
Ал Москвадагы ооруканалардын биринде пол жуугуч болуп иштеген жана эки мекендеши менен эки бөлмөлүү батир жалдап турушкан. Ал 8-майдан бери кабарсыз болуп жаткан. Үйдөгү камера Айгерим 8-майда саат 21:00 де батирге киргенин көрсөткөн. Ошол боюнча анын дайыны белгисиз болгон.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




