Укук коргоочулар бейөкмөт уюмдар жөнүндө мыйзамга байланыштуу депутаттарга кайрылуу таратышты

  • 10 месяцев мурун

«Бир дүйнө Кыргызстан” укук коргоо кыймылынын өкүлдөрү 26-июнда Жогорку Кеңеш имаратынын алдында депутаттарга «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүгө каршы кайрылуу таратышты.

“Биз сиздерден Кыргыз Республикасынын Конституциясын бузбоону, коомдук уюмдарга, бейөкмөт уюмдарга жана жалпыга маалымдоо каражаттарына каршы антиконституциялык мыйзам долбоорлорун чакыртып алууну сурайбыз”, — деп жазылган кайрылууну жумушка кирип бара жаткан депутаттардын колуна беришти.

Бул мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комитетинин кезектеги отурумунун күн тартибинен алынып калганын парламенттик демократия жаатында алектенип келаткан юрист Таттыбүбү Эргешбаева 25-июнда билдирди.

Анын айтымында, маселе комитеттин 27-июндагы отурумунун күн тартибине алтынчы болуп кирген, бирок кийин кайра алынып калган.

“Азаттык” мыйзам долбоорунун автору Надира Нарматова менен 26-июнда байланышканда “күн тартибинде эле турат” деп жооп берди.

Жогорку Кеңештин расмий сайтындагы 26-июнь, саат 10:00гө карата маалымат боюнча, аталган комитеттин күн тартибинде бул маселе көрүнбөйт.

Өткөн жылы 21-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгүн жана мамлекеттик каттоону жөнгө салган “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө”  мыйзам долбооруна өзгөртүү киргизүүнү демилгеледи.

Адилет” укуктук клиникасынын юристтери дагы сунушталып жаткан мыйзам долбооруна кеңири анализ жүргүзүп, анда өлкөнүн Баш мыйзамы жана эл аралык укуктук документтер менен корголгон адам укуктары менен биригүү эркиндигине карата “катаал укуктук көзөмөл” киргизилгенин билдиришти. 

Кыргызстандагы коомдук уюмдар жана жарандык активисттер бейөкмөт уюмдар тууралуу мыйзам долбоорлорун чакыртып алууну талап кылган петицияга кол топтой баштады.

Жогорку Кеңештин депутаттары Шайлообек Атазов, Таалайбек Масабиров, Таалайбек Сарыбашов, Мейкинбек Абдалиев “Коммерциялык эмес уюмдар тууралуу” мыйзам долбооруна демилгечи болуудан баш тартты. Ошондой эле Эмил Токтошев, Эмил Жамгырчиев, Бактыбек Чойбеков да демилгечилер катарынан чыккан.    

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты