Бейөкмөт уюмдар тууралуу мыйзам долбоорун чакыртып алуу талабы менен кол топтолууда

  • 10 месяцев мурун

Кыргызстандагы коомдук уюмдар жана жарандык активисттер бейөкмөт уюмдар тууралуу мыйзам долбоорлорун чакыртып алууну талап кылган петицияга кол топтой баштады.

«Биздин өлкө эркин бойдон калышы зарыл»деген ураан менен башталган петицияда конституциялык принциптерди жана эл аралык келишимдерди сактоо, Кыргызстанда сөз эркиндигин, көз карандысыз маалымат каражаттарын, коммерциялык эмес уюмдарды жана жарандык коомду коргоо чакырыгы жазылган.

«Акыркы жылдары өлкөнүн кайрымдуу жана активдүү жарандары мыйзамсыз куугунтуктоолорго кабылып, өлкөдөн чыгарылып, ири суммадагы доого дуушар болууда. Мындан тышкары, жарандык коомду жана көз карандысыз маалымат каражаттарынын ишмердүүлүгүн чектөөгө багытталган жазалоочу мыйзамдык демилгелердин кабыл алынышына күбө болуп жатабыз. Коомдук уюмдар жана жарандар бул мыйзам долбоорлору Кыргызстандын Конституциясына жана адам укуктарынын эл аралык стандарттарына карама-каршы келерин белгилеп, аларды четке кагууга чакырышат. Биз бул чакырыктарды кунт коюп угуп, баалуулуктарыбызды сактап калышыбыз керек. Бул демилгелердин кабыл алынышынын натыйжасында өлкөгө инвесторлор келбей калышы мүмкүн» деп жазылган анда.

Бейөкмөт уюмдарга көзөмөлдү күчөтөт деп сынга кабылган «чет өлкөлүк өкүл» тууралуу мыйзам долбоорун ЖК депутаты Надира Нарматова жазып, былтыр ноябрда коомдук талкууга чыгарган. Башында өзү жалгыз автор болуп көрсөтүлгөн документке дагы 32 депутат демилгечи болуп кошулган. Бирок кийин алардын айрымдары авторлуктан кайра баш тартып, анда ашыкча чектөөлөр, адам укуктарына каршы келген жоболор бар экенин айтып чыгышкан.

«Адилет» укуктук клиникасы мыйзамды талдап чыгып, анын 98% Орусиянын «Чет элдик агенттер» тууралуу мыйзамынан көчүрүлүп алынганын аныктаган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты