Депутаттар Масабиров, Сарыбашов, Абдалиев бейөкмөт уюмдар жөнүндө мыйзам долбооруна демилгечи болуудан баш тартты

  • 11 месяцев мурун

Жогорку Кеңештин депутаттары Таалайбек Масабиров, Таалайбек Сарыбашов, Мейкинбек Абдалиев “Коммерциялык эмес уюмдар тууралуу” мыйзам долбооруна демилгечи болуудан баш тартты.

Бул тууралуу юрист Таттуубүбү Эргешбаева билдирди.

Буга чейин депутаттар Эмил Токтошев, Эмил Жамгырчиев, Бактыбек Чойбеков да демилгечмлер катарынан чыккан.      

19-майда “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга жана “Кылмыш-жаза кодексине” түзөтүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.  Мыйзам долбоорун Надира Нарматова, Шайлообек Атазов, Шайырбек Ташиев баштаган Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары алып чыгышкан. 

Эксперттердин пикиринде аталган мыйзам долбоору: 

— коммерциялык эмес уюмдарды каттоо процедурасын өзгөртүүгө;

— мамлекеттик органдар тарабынан кошумча көзөмөлдү киргизүүгө;

— “чет элдик өкүл” түшүнүгүн киргизүүгө;

— жарандардын жекелигине жана укуктарына шек келтирген коммерциялык эмес уюмдар менен «чет элдик өкүлдөргө» кылмыш жоопкерчилигин белгилөөгө багытталган.

Юристтер аталган мыйзам долбоорунун демилгечилери коммерциялык эмес уюмдарга чет элдик өкүлдүн милдетин аткаруучу коммерциялык эмес уюм жана өлкөнүн саясий ишмердүүлүгүнө кийлигишип жаткан уюм катары жаңы укуктук статус киргизип жатканын белгилешет. 

“Адилет” укуктук клиникасынын юристтери дагы сунушталып жаткан мыйзам долбооруна кеңири анализ жүргүзүп, анда өлкөнүн Баш мыйзамы жана эл аралык укуктук документтер менен корголгон адам укуктары менен биригүү эркиндигине карата “катаал укуктук көзөмөл” киргизилгенин билдиришти. 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты