Украинаны жактап митингге чыккандардын үчөө сотто акталды

  • 2 года мурун

Украинаны жактап, Бишкекте митингге чыккандардын үчөө Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тарабынан акталды.

Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан билдирди.  

Кармалгандар боюнча административдик иш алардын аракетинде кылмыштын белгилери жок экендигине байланыштуу кыскартылганы белгиленди.

Митингге чыккан активисттер ички иштер кызматкеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбегендиги үчүн деп кармалган жана кайра кое берилген.  

2-апрелде, Бишкек шаарындагы Горький атындагы сейилбакта Украинаны колдоо акциясына чогулгандарды Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгына cалып кетишкен.

Биринчи май, Ленин, Свердлов жана Октябрь райондорунун соттору тарабынан борбордогу райондордун администрацияларынын Орусия-Украина жаңжалы боюнча Ала Тоо аянтында 2022-жылдын 1-апрелинен 1-июлга чейин тынч жыйын, митинг жана акцияларды уюштурууга тыюу салуу чечими мыйзамдуу деп табылган.

Президент Садыр Жапаров  Горький атындагы сейилбакта өлкө демократия багытынан кайтпай турганын, митингдер сөзсүз болушу керектигин Фейсбук баракчасы аркылуу билдирген.  

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты