Бишкекте Украинаны же Орусияны колдогон митингдерге тыюу салынды

  • 2 года мурун

Бишкек шаарында Украинаны же Орусияны колдогон митингдерге тыюу салынды

Бул тууралуу Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.  

Маалыматта Биринчи май, Ленин, Свердлов жана Октябрь райондорунун соттору тарабынан борбордогу райондордун администрацияларынын Орусия-Украина жаңжалы боюнча Ала Тоо аянтында 2022-жылдын 1-апрелинен 1-июлга чейин тынч жыйын, митинг жана акцияларды уюштурууга тыюу салуу чечими мыйзамдуу деп табылды.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы бардык жарандарды сот чечимин жана мыйзамды урматтоого чакырды.     

Сүрөт: 24kg 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты