Милиция марштын катышуучуларын салып кетти. Президент Жапаров Горький сейилбагында акция өткөрүүгө уруксат деген

Бүгүн, 2-апрелде, Бишкек шаарындагы Горький атындагы сейилбакта Украинаны колдоо акциясына чогулгандарды Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгына cалып кетишти.

Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгынын өкүлү Бишкек шаарында “Ала Тоо” аянтында Украинанын же Орусияны колдоо акцияларды өткөрүүгө 1-апрелден  борбордун Биринчи май, Ленин, Свердлов жана Октябрь райондорунун соттору тарабынан район администрацияларынын Орусия-Украина жаңжалы боюнча Ала Тоо аянтында 2022-жылдын 1-апрелинен 1-июлга чейин тынч жыйын, митинг жана акцияларды уюштурууга тыюу салуу чечими мыйзамдуу деп табылганы тууралуу эскертүү жасады.

Биринчи май, Ленин, Свердлов жана Октябрь райондорунун соттору тарабынан борбордогу райондордун администрацияларынын Орусия-Украина жаңжалы боюнча Ала Тоо аянтында 2022-жылдын 1-апрелинен 1-июлга чейин тынч жыйын, митинг жана акцияларды уюштурууга тыюу салуу чечими мыйзамдуу деп табылган.

Президент Садыр Жапаров  Горький атындагы сейилбакта өлкө демократия багытынан кайтпай турганын, митингдер сөзсүз болушу керектигин Фейсбук баракчасы аркылуу билдирген.  

-Мага жеткен маалыматтар боюнча кандайдыр бир топ эртең акция уюштуруп, Бишкектин көчөлөрүндө жөө жүрүш жасап, элчиликтердин алдына барабыз деген ниеттерин билдиришиптир.

Ар бир ниеттин же кадамдардын чеги болот.

Элчиликтер жана анын аянтчалары башка мамлекеттердин менчиги болуп саналат. Кол тийгис. Дүйнө жүзүндө биздин дагы элчиликтерибиз бар. Алар дагы биздин кол тийгис аянтыбыз. Бирөө — жарым келип, эшигин каккылап, баш аламандык кылганга акысы жок. Албетте, биз демократия багытынан кайтпайбыз. Жарандарыбыздын оозун тыйбайбыз. Укугун чектебейбиз. Митингдер сөзсүз болуш керек. Ал үчүн Горький паркын аныктап бердик. Кааласаңыздар 24 саат бою митинг кылыңыздар. Каалаган сөзүңүздөрдү, пикиринерди айтыңыздар. Эч ким каршы эмес. Бир гана сураныч. Элчиликтерди тынч коюңуздарчы, -деген Президент.

Акцияга чогулгандар Президент Садыр Жапаровдун Горький атындагы сейилбакта митингдер өтө бере турганын айтканын эскертишти. Бирок Бишкек ИИБ өкүлдөрү соттун чечими бар экенин билдирип, акциянын катышуучуларын автобус менен ИИБ имаратына салып кетишти.

Акциянын максаты Украина-Орусия согушунда Украинаны колдоо, Орусиянын агрессиясына каршы экени билдирүү болгон.

Сүрөттөр: «ПолитКлиника.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты