Украинаны колдоо митингине чыгып кармалгандардын баары акталды

  • 2 года мурун

Украинаны колдоо митингине чыгып кармалган активисттердин баары акталды.

Бул тууралуу Бакытбек Автандил уулу ЖМКга билдирди.

Анын айтымында сот кармалгандардын аракетинде кылмыштын белгилери жок деп тапты.  

Украинаны колдоо акциясына чыккан 128 киши милиция кызматкерлеринин  мыйзамдуу талаптарына баш ийбегендиги беренеси менен кармалган.  

2-апрелде, Бишкек шаарындагы Горький атындагы сейилбакта Украинаны колдоо акциясына чогулгандарды Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгына cалып кетишкен.

Биринчи май, Ленин, Свердлов жана Октябрь райондорунун соттору тарабынан борбордогу райондордун администрацияларынын Орусия-Украина жаңжалы боюнча Ала Тоо аянтында 2022-жылдын 1-апрелинен 1-июлга чейин тынч жыйын, митинг жана акцияларды уюштурууга тыюу салуу чечими мыйзамдуу деп табылган.

Президент Садыр Жапаров  Горький атындагы сейилбакта өлкө демократия багытынан кайтпай турганын, митингдер сөзсүз болушу керектигин Фейсбук баракчасы аркылуу билдирген.  

Сүрөт: «ПолитКлиника».

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты