ИИМ:  Текебаевге кол салгандарды аныктоо иш-чаралары жүргүзүлүп жатат

  • 2 года мурун

Ички иштер министрлигинин кызматкерлери Өмүрбек Текебаевге кол салуу  фактысы боюнча кылмыш ишинин бетин ачуу үчүн зарыл болгон бардык ыкчам-тергөө иш-чараларды жүргүзүүдө.

Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

«Аталган факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, ички иштер органдары тарабынан бардык жагдайлар текшерилип, шектүүлөрдүн ким экендигин тактоо жана аларды  кармоо максатында ыкчам-иликтөө жана тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Кылмыштын бетин ачуу ИИМ жетекчилигинин жеке көзөмөлүнө алынды» деп айтылат билдирүүдө.

Бүгүн, 1-декабрда. «Ата Мекен» саясий партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге чымыр денелүү белгисиз адамдар кол салган. Өмүрбек Текебаев «Парк Отель» мейманканасынын кафетерийинде отурган.

«Ата Мекен» партиясынын өкүлү Динар Турдугулованын айтымында, 3 бусик менен 100дөй чымыр денелүү белгисиз адамдар Өмүрбек Текебаевдин колунан көз айнеги менен телефонун жулуп кетишкен.



Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты