УКМК: Ташиев Баткен облусунда жүрөт. «Барымтага алыныптыр» дегендерге ишенбегиле

  • 2 года мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев чек арадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча тиешелүү түзүмдөрдүн ишин көзөмөлдөп Баткен облусунда экенин маалымдады.

“Социалдык тармактарда Камчыбек Ташиев 16-сентябрдан бери көрүнгөн жок,  барымтага алыныптыр” деп чыгып жатан маалыматтар жалган болуп эсептелет. 16-сентябрь күнү кечинде Камыбек Ташиев Баткендеги облустук штабда билдирүү жасаганын угушкан.  Социалдык тармактагы мындан чагымчыл жалган маалыматка ишенбөөнү суранабыз” деп айтылат маалыматта.        

Кыргызстандын Чек ара кызматы 16-сентябрда тажик тарап ок атышууну баштаганын билдирген.

Чек ара жаңжалынан жабыркагандардын саны 122ге жетти.

Саламаттык сактоо министрлиги 17-сентябрь, саат 01.30га карата Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышта ылайык, 24 киши  каза таап, дагы 87 киши жарадар болгонун билдирди. 

Баткен облусунун жарандык коргонуунун башчысы –ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаевдин 2022 жылдын 16-сентябрындагы буйругунун негизинде Баткен облусунун аймагында өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты