УКМК төрагасынын орун басары –  Антитеррор борборунун директору Алишер Эрбаев болду

  • 1 месяц мурун

Эрбаев Алишер Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары –Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Антитеррордук борборунун директору болуп дайындалды.

Бул тууралуу тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду.

Буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасынын үч орун басары, анын арасында УКМКнын Антитеррордук борборунун директору Элизар Сманов кызматтан бошотулду.

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Конституциянын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 71-беренесине ылайык, Ташиев Камчыбек Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошотулду.

Жумгалбек Шабданбеков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Сүрөттө: Алишер Эрбаев. kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты