УКМК төрагага багытталган жашыруун кат ээсинин кармалышынын чоо-жайын түшүндүрдү (Видео)
- 2 года мурун
- Видео
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге жазылган жашыруун катка байланыштуу түзүлгөн олуттуу жагдай боюнча, президенттин тапшырмасына ылайык, УКМК, ИИМ жана Башкы прокуратуранын кызматкерлеринен турган ведомстволор аралык тергөө-оперативдүү тобу түзүлгөн.
Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.
УКМКнын башкы тергөө башкармалыгы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 36-122-беренесинин, 2-бөлүгүнүн 4-пункту боюнча, башкача айтканда, адамды же анын жакындарын өлтүрүүгө даярдоо фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.
“Ыкчам-издөө жана техникалык иш-чаралардын комплексин жүргүзүүнүн натыйжасында мурда эки жолу соттолгон, аскердик учкуч билими бар, кийин ооган чек арасында чектелген аскердик контингенттин курамында кызмат өтөп, аскердик тажрыйба жана конспирация көндүмдөрүнө ээ болгон КР жараны Ж.А.С. аныкталды. Ошол эле учурда 1994-жылдан тартып Ж.А.С. КРнын Куралдуу Күчтөрүндө кызмат өтөгөн. Тергөө-оперативдүү тобу тарабынан Ж.А.С.нын жогоруда аталган анонимдүү коркутуу каттын автору экендиги аныкталды” деп айтылат билдирүүдө.
Тергөөнүн жүрүшүндө Ж.А.Снын узак убакыт бою жогоруда белгиленген акцияга даярдык көрүү жана өзгөчө оор кылмыш жасоого катыштыгын жашыруу үчүн атайын шарттарды түзүү боюнча иш-чараларды пландаштырганы аныкталды. Ж.А.С. коркутуу максатында Ташиевдин жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн дарегине киши өлтүрүү коркунучу бар электрондук форматтагы анонимдүү катты даярдап, андан соң ал катты флеш-картага жазып конвертке салып жиберген.
Белгилей кетсек, Ж.А.С. өздүк маалыматтарын жашыруун сактоо максатында, белгилүү жашаган жери жок Б. М. М. аттуу адамды ишке тарткан. Ал азык-түлүк түрүндөгү сый акы үчүн, жашыруун катты камтыган конвертти УКМКнын Коомдук кабылдамасына жеткирген. Ж.А.С. кармалып, ага жогорудагы кылмыш боюнча айып тагылып, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тарабынан камакка алуу баш коргоо чарасы белгиленди.
Кылмыш ишинин алкагында коркутуулар жазылган жашыруун кат даярдалып жаткан компьютер, конвертке мөөр басылган сүргүчтүн үлгүлөрү алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Кылмышка тиешеси бар башка адамдарды жана аны жасоонун себептерин аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралар улантылууда. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасында коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштырууну көздөгөн чет мамлекеттердин атайын кызматтарына жана деструктивдүү күчтөргө Ж.А.С. тиешеси бар экендиги аныкталды, алардын чоо-жайы тергөөнүн тартибине ылайык сыр бойдон сакталат.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевди коркутуп кайрылуу катын таштаган киши камералар аркылуу табылганын УКМК төрагасы 24-ноябрда Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн жаңыланган имаратынын ачылышында билдирди.
Буга чейин Камчыбек Ташиев жакында дагы өзүн коркуткан кат алганын журналисттерге айтып берген.
Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы




