Ташиев: “Садыр Жапаровго эки жолу, мага 5-6 жолу кол салуу аракети болду” (Видео)
- 3 недели мурун
- Видео
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев президент Садыр Жапаровго эки жолу жана өзүнө 5-6 жолу кол салуу аракети болгонун журналисттерге билдирди.
“Садыр Жапаровго эки жолу жана мага 5-6 жолу кол салуу аракети болду. Ташиев өтөр жолду жардырып да жиберишмекчи болушкан” деди Камчыбек Ташиев.
Анда айтылгандай, УКМК төрагасын жана анын үй-бүлөсүн эки жолу коркуткан кат да түшкөн. Анда чет элдик атайын кызматтардын жана айрым олигархтардын изи көрүнгөн.
“Мен силер сунуштаган миллиондорду алган эмесмин. Силердин өлкөдөн чыгып кетишиңер керек болгону силердин жиниңерди келтирген. Биздин өлкөдө криминалдар да, олигархтар да болбой турганы силерди кыжырданткан. Эгер силер мени жок кылсаңар, ошонун баары кайтып келет. Балким, кандайдыр бир жолдор менен силер мага залал келтирерсиңер. Бирок көзүм тирүү турганда мен баштаган жолдон кайтпайм” деди Камчыбек Ташиев.
Камчыбек Ташиев дагы өзүн коркуткан кат алганын билдирди:
«Эгер эртеңки күнү мага же үй-бүлөмө бир нерсе болсо, коомчулук бул алдын ала эскертилгенин билиши керек. Мен өзүмдүн коопсуздук кызматы аркылуу иликтөө жүргүздүм. Президент да бул иликтениши керектигин айтты. Каттын ээси мага шарттарды коюп, аны аткарсам, үй-бүлөм аман каларын жазыптыр. Булардын шартынын бир тарабына менин үй-бүлөм, бир тарабына коопсуздук коюлуптур» Ташиев журналисттерге.
Камчыбек Ташиев журналисттерге анын жумушчу столуна коюп кеткен флешканы берип, каттын мазмуну менен таанышып алууну белгиледи.
Флешканын ичиндеги катта, жазган чет элдик «парламентёр» “мамлекеттик төңкөрүш жасоо” келишимине кол койгонун, Камчыбек Ташиевдин туугандарына жамандык кылуу пландалганын, массалык баш-аламандыкка бардыгы 65 киши тартыла турганын, буга чейин мамлекеттик структурадагы адамдарга да кат жазганын белгилеп, бир шартты айткан. Ал Чыныбай Акуновичтин жесиринен мамлекетке алынган мүлктүн баары 10 күндүн ичинде ордуна коюлушу керектигин белгилеген. Ошол мүлк ордуна коюлгандан кийин эсептер, миллиарддаган каражаттарды камтыган облигациялардын каякка катылганын айтып бермек. Ал эми ал талап аткарылбаса, көптөгөн адамдардын каны төгүлөрүн билдиргендиги жазылган.
Ал эми бул жыйындагы айтылгандар боюнча Чыныбай Акунович Турсунбековдун жубайы Нуржан Давлетбекова Фейсбук баракчасы аркылуу жооп берген.
-Ким, кандай максат менен жазганын, эмне үчүн биздин үй-бүлөнү, төрт жыл мурун өтүп кеткен жолдошумдун атын, менин атымды жазып жатканын билбейм, биздин үй-бүлөбүзгө жардам бергиси келген кишилер ушундай кылат дегенге ишенесиңерби? Эмнеге жазып жатканын да билбейм, -деп билдирди.
УКМК бүгүн, 20-ноябрда Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун аймагында мурда тергөө органдарынан жашырынып жүргөн, Камчы Көлбаевдин (К. Асанбек) уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү, 1983-жылы Ысык-Көл облусунун Бостери айылында туулган, криминалдык дүйнөдө «Рус Коен» же «Руслан Бостери» деген каймана аты бар Руслан Дүйшеев кармалганын кабарлаган. “Ошондой эле колдо болгон маалыматтарга ылайык, издөөдө жүргөн Р. Дүйшеев УКМК жетекчилигине кол салууну уюштуруу планын иштеп чыккан” деп айтылат билдирүүдө.