Ташиевди коркуткан кат калтырган киши камера аркылуу табылганы маалымдалды

  • 12 месяцев мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевди коркутуп кайрылуу катын таштаган киши камералар аркылуу табылды. Бул тууралуу УКМК төрагасы 24-ноябрда Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн жаңыланган имаратынын ачылышында билдирди.

“Так ушундай камералар аркылуу милиция кызматкерлери менен биздин кызматкерлер таап чыгышты. Ар бир баскан, отурган жерине, ар бир минутасына чейин карашты” деди Ташиев.

Ал коркуткан кишинин аты-жөнүн атаган эмес.

Буга чейин Камчыбек Ташиев жакында дагы өзүн коркуткан кат алганын журналисттерге билдирген:

«Эгер эртеңки күнү мага же үй-бүлөмө бир нерсе болсо, коомчулук бул алдын ала эскертилгенин билиши керек. Мен өзүмдүн коопсуздук кызматы аркылуу иликтөө жүргүздүм. Президент да бул иликтениши керектигин айтты. Каттын ээси мага шарттарды коюп, аны аткарсам, үй-бүлөм аман каларын жазыптыр. Булардын шартынын бир тарабына менин үй-бүлөм, бир тарабына коопсуздук коюлуптур» деди УКМК төрагасы.

Ташиев журналисттерге анын жумушчу столуна коюп кеткен флешканы берип, каттын мазмуну менен таанышып алууну белгиледи.

Флешканын ичиндеги катта, жазган чет элдик «парламентёр» “мамлекеттик төңкөрүш жасоо” келишимине кол койгонун, Камчыбек Ташиевдин туугандарына жамандык кылуу пландалганын, массалык баш-аламандыкка бардыгы 65 киши тартыла турганын, буга чейин мамлекеттик структурадагы адамдарга да кат жазганын белгилеп, бир шартты айткан. Ал Чыныбай Акуновичтин жесиринен мамлекетке алынган мүлктүн баары 10 күндүн ичинде ордуна коюлушу керектигин белгилеген. Ошол мүлк ордуна коюлгандан кийин эсептер, миллиарддаган каражаттарды камтыган облигациялардын каякка катылганын айтып бермек. Ал эми ал талап аткарылбаса, көптөгөн адамдардын каны төгүлөрүн билдиргендиги жазылган.  

Ал эми бул жыйындагы айтылгандар боюнча Чыныбай Акунович Турсунбековдун жубайы Нуржан Давлетбекова Фейсбук баракчасы аркылуу жооп берген.

-Ким, кандай максат менен жазганын, эмне үчүн биздин үй-бүлөнү, төрт жыл мурун өтүп кеткен жолдошумдун атын, менин атымды жазып жатканын билбейм, биздин үй-бүлөбүзгө жардам бергиси келген кишилер ушундай кылат дегенге ишенесиңерби? Эмнеге жазып жатканын да билбейм, -деп билдирди.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты