УКМК Палестинадагы жихадга чакыргандар кылмыш жоопкерчилигине тартыларын билдирди

  • 6 месяцев мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Палестина-Израил куралдуу кагылышынын таасиринде социалдык тармактарда, Интернет колдонууучулар арасында Палестинада жихад кылуу зарылдыгы жөнүндө жеке жарыялар жана комментарийлер, чагымчыл билдирүүлөр активдүү жайылып жатканын билдирди.

“Буга байланыштуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Кыргыз Республикасынын жарандарынын  чет мамлекеттик аймагындагы куралдуу кагылышууларга катышкандыгы же террористтик даярдыктан өткөндүгү болсо, ал үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилиги каралгандыгын” эскертти.

Эгерде куралдуу кагылышуу аймактарына катышуу ниети бар болсо, ал кылмыш-жаза кодексинин 256-беренеси, мүлкүн конфискациялоо менен 5 жылдан 10 жылга эркинен ажыратуу менен кылмыш  жоопкерчилигине тартыларын билдирди.   

   

28-октябрда Бишкектеги Максим Горький атындагы бакчада Газа тилкесиндеги палестиндерди колдоо акциясы өттү.

Акцияга чыккандар Израилдин Газа тилкесиндеги аракеттерине каршылыгын билдирип, “Палестинага боштондук!”, “Кыргынды токтоткула!” деп жазылган плакаттарды көтөрүп чыгышты.

Мындан тышкары, уюштуучулар Газанын тургундары үчүн материалдык жардам чогултушууда.

7-октябрда ХАМАС куралдуу тобу Израилге кол салып, 1400дөй киши мүрт кеткен. 200дөн көп кишини экстремисттик топ барымтага алган. Израиль армиясы согуш жарыялап, Газа тилкесине абадан сокку уруп, электр энергиясын, суу берүүнү токтоткон. 

ХАМАС көзөмөлдөгөн Газанын саламаттык сактоо министрлиги израил армиясынын аба соккуларынан мүрт кеткен 7 миңден көп кишинин аты-жөнү жазылган тизмени жарыялады.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты