Бишкекте Газанын тургундарын колдоо акциясы өттү

  • 6 месяцев мурун

Бүгүн, 28-ноябрда Бишкектеги Максим Горький атындагы бакчада Газа тилкесиндеги палестиндерди колдоо акциясы өттү.

Акцияга чыккандар Израилдин Газа тилкесиндеги аракеттерине каршылыгын билдирип, “Палестинага боштондук”, «Кыргынды токтоткула» деп жазылган плакаттарды көтөрүп чыгышты.

Мындан тышкары, уюштуучулар Газанын тургундары үчүн материалдык жардам чогултушууда.

7-октябрда ХАМАС куралдуу тобу Израилге кол салып, 1400дөй киши мүрт кеткен. 200дөн көп кишини экстремисттик топ барымтага алган. Израиль армиясы согуш жарыялап, Газа тилкесине абадан сокку уруп, электр энергиясын, суу берүүнү токтоткон. 

ХАМАС көзөмөлдөгөн Газанын саламаттык сактоо министрлиги израил армиясынын аба соккуларынан мүрт кеткен 7 миңден көп кишинин аты-жөнү жазылган тизмени жарыялады.

Сүрөт: «Азаттык» үналгысы

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты