УКМК: Матраимовдун өлкө жетекчилигине кол салууга даярданган трансулуттук кылмыш тобу менен байланышы аныкталды    

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) издөөдө жүргөн Райымбек Матраимов Баку шаарында экендиги аныкталганын билдирди. Райымбек Матраимовдун Кыргызстандын жетекчилигине кол салууга даярданып жаткан Азербайжандан келген трансулуттук уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен байланышы бар экендиги да аныкталганы белгиленди.

УКМКнын маалыматы боюнча, Райымбек Матраимовду кармоо тууралуу азербайжан тарапка кат жөнөтүлгөн. Азербайжан тарап Матраимовду Кыргызстанга экстрадициялоо маселесин иштеп чыгууда.

Ошол эле учурда Райымбек Матраимовдун Кыргызстандын жетекчилигине кол салууга даярданып жаткан Азербайжандан келген трансулуттук уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен байланышы бар экендиги такталганы да маалымдалды.

Буга чейин УКМК кызматкерлери Кыргызстандын аймагынан Азербайжандан келген уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармашкандыгы кабарланган. Азербайжандын 5 жараны: В.М. Алиев, С. А. Багхиров, М. О. Асгаров, М. С. Бехбудров жана З.И. Маммадов кармалган.

Алынган ыкчам маалыматтар боюнча М.О. Асгаров криминалдык чөйрөдө «селсаяк» (бродяга) статусуна ээ, ал криминалдык чөйрөнү бекемдөө жана уурулук идеологиясын жайылтуу, ошондой эле өзүнүн статусун жогорулатуу максатында бүткүл постсоветтик мейкиндикте (КР, РК, РУ жана РФ) таасир эткен уюшкан кылмыштуу топторго каршы активдүү күрөшүү боюнча мамлекеттин жүргүзүп жаткан саясатына байланыштуу өлкөнүн жетекчилигине кол салууну уюштуруу үчүн өзүнүн шериктери менен КР аймагына келген.

Жогоруда аталгандардын бардыгы кармалган. Аларды КР мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартуу үчүн тергөө иштери жүрүп жаткандыгы кабарланды.

Бишкектин Биринчи май райондук соту Райымбек Матраимовду «Коррупция» беренеси менен күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып пул чегерген. Ал Бажыда коррупциялык схема түзгөнүн моюнуна алып буга чейин бюджетке 2 млрд. сом төккөн.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев , 23-ноябрда, мамлекетти коррупциядан, уюшкан кылмыштуу топтон тазалоо керектигин, Көлбаев, Матраимов, Женго дегендер башкарбайт деп билдирген.

26-январда УКМК Райымбек Матраимовго издөө жарыяланганы белгилүү болгон.

Сүрөттө: Трансулуттук кылмыш тобунун мүчөлөрүн кармоо учуру. УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты