Садыр Жапаров Азербайжанга барды
- 17 часов мурун
- Жаңылыктар
Садыр Жапаров 14-октябрда Азербайжанга барды. Баку шаарындагы Гейдар Алиев атындагы эл аралык аэропорттон Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровду Азербайжандын вице-премьер-министри Самир Шарифов тосуп алды.
Азербайжанда Азияда өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин жетинчи саммитине өтөт.
Иш-чаранын алкагында мамлекеттердин, өкмөттөрдүн жана эл аралык уюмдардын башчылары өз ара байланыштуулук, санариптештирүү жана туруктуу өсүш маселелери боюнча аймактык кызматташтыкты тереңдетүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашат. Бир катар документтерди кабыл алуу күтүлүүдө.
Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы
Муну бөлүшүү




