Алдамчылыкка айыпталган эки жаран АКШ жана Азербайжандан Кыргызстанга жеткирилди

  • 3 недели мурун

Эл аралык издөөгө алынган эки айыпталуучу өлкө аймагына жеткирилди. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.  

Алардын бири – Америка Кошмо Штаттарынан жеткирилген Ы.М. – алдамчылыкка шектелүүдө. Тергөөнүн маалыматы боюнча, ал жарандардын ишенимине кирүү жолу менен алардын мүлкүн мыйзамсыз ээлеп алып, жалпысынан 70 миллион сомдон ашык өлчөмдө материалдык зыян келтирген.

Экинчиси– Азербайжандан алынып келинген чет өлкөлүк жаран А.А. – ири өлчөмдөгү алдамчылыкка айыпталууда. Тергөөнүн маалыматы боюнча, ал жабырлануучунун ишенимине кирүү жолу менен анын акча каражаттарын ээлеп алган.

Ы.М. жана А.А. Кыргыз Республикасына жеткирилип, тергөө абагына киргизилди.

Алдамчылыкка айыпталган эки жаран АКШ жана Азербайжандан Кыргызстанга жеткирилди

Сүрөттөр: Башкы прокуратура

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты