Кыргызстанга Азербайжан Милли межлис төрайымы Сагиба Гафарова келди

Бүгүн, 19-октябрда, Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Кыргыз Республикасына расмий сапар менен келген Азербайжан милли межлиси төрайымы Сагиба Гафарова менен жолугушту. 

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин сайтында маалымдалды.

Иш-чарага депутаттар Айсаракан Абдибаева, Жаныбек Абиров, Бурул Аманова, Эркеайым Сейтказиева, Жылдыз Эгенбердиева да катышты.

Жолугушууда тараптар кыргыз-азербайжан кызматташтыгынын учурдагы абалын жана келечегин талкуулап, парламенттер аралык байланыштарды чыңдоо, соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык мамилелерди өнүктүрүү маселелери боюнча пикир алышты.

Жолугушууда соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү маселесине да өзгөчө көңүл бурулуп, Марлен Маматалиев бул багытта Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгү жигердүү өнүгүп жатканын ырастады.

Ошондой эле фонд түзүлгөндөн бери жалпы суммасы 24 млн АКШ долларынан ашкан 11 инвестициялык долбоор жактырылганын белгилеп, мындан ары энергетика тармагындагы ири стратегиялык долбоорлорду каржылоого артыкчылык берүү маанилүү экенин кошумчалады.

Өз кезегинде Сагиба Гафарова жылуу кабыл алгандыгы үчүн Төрагага ыраазычылыгын билдирип, Кыргызстан акыркы жылдары социалдык-экономикалык өнүгүүдө жана башка тармактарда жетишкен ийгиликтерди баса белгиледи.

«Бүгүнкү күндө эки өлкөнүн ортосунда 123 документке кол коюлганын кубануу менен белгилеп кетким келет. Бул чоң көрсөткүч. Өзгөчө акыркы жылдары көптөгөн документтерге кол коюлгандыгы кубандырат” деди.

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты