Ажо Азербайжанга аттанат
- 19 часов мурун
- Жаңылыктар
Президент Садыр Жапаров 14-15-октябрда Азербайжан Республикасына иш сапар менен барат.Бул тууралуу президенттин расмий сайтында маалымдалды.
Анда айтылгандай, ажо Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин чакыруусу боюнча Азиядагы Өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин жетинчи саммитине катышат.
Иш-чаранын алкагында мамлекеттердин, өкмөттөрдүн жана эл аралык уюмдардын башчылары өз ара байланыш, санариптештирүү жана туруктуу өсүш маселелери боюнча аймактык кызматташтыкты тереңдетүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулайт. Бир катар документтерди кабыл алуу күтүлүүдө.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




