УКМК: Мамлекеттик кызматкерлердин жасалма дипломдору аныкталууда

  • 2 года мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан текшерүүнүн жүрүшүндө ИИМдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖККББ) жетекчилигинин, милициянын полковниги С.Ы. жана Эсеп палатасынын аудиторлорунун бири С.З.нын жогорку билими тууралуу дипломунун күмөндүүлүгү боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Алынган маалыматтарга ылайык, аталган жарандар кадр бөлүмдөрүнө Россиянын жогорку окуу жайларынын биринин юриспруденция адистиги жана К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин бухгалтердик эсеп жана аудит адистиги боюнча аяктагандыгы тууралуу дипломдорун беришкен.

Азыркы учурда бул фактылар боюнча текшерүүнүн материалдары мыйзам чегинде тиешелүү чечим кабыл алуу үчүн УКМК тарабынан каралып жатат.

(УКМК) Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен бардык деңгээлдеги мамлекеттик кызматкерлердин жогорку билими тууралуу дипломдорун жана жарандыгын текшере турганын билдирген.

Маалыматка ылайык, бул жараян 24-январда башталып, жалпы үч айга созулат. Анын алкагында бардык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин өздүк иштери жана билими тууралуу документтери текшерилет. Мындан тышкары текшерүүгө жергиликтүү жана шаардык кеңештердин депутаттары, Жогорку Кеңештин депутаттары, укук коргоо, көзөмөл жана сот органдарынын кызматкерлери дагы алынат.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 20-январдагы отурумунда Жогорку Кеңештин депутаты Орозайым Нарматованын мандатын жокко чыгарды. Мындай чечимге Нарматованын жогорку билими тууралуу дипломду мыйзамсыз алганы жөнүндө УКМК) менен билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы негиз болгон.

Ошондой эле диплом чырына байланыштуу БШК Рыскелди Момбековду кайра шайлоодо Жогорку Кеңеш депутаттыгына каттоодон баш тартуу чечимин чыгарган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты