Садыр Жапаров УКМКга мамлекеттик кызматкерлердин дипломдорун текшерүү тапшырмасын берди

  • 2 года мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен бардык деңгээлдеги мамлекеттик кызматкерлердин жогорку билими тууралуу дипломдорун жана жарандыгын текшере турганын билдирди.

Маалыматка ылайык, бул жараян 24-январда башталып, жалпы үч айга созулат. Анын алкагында бардык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин өздүк иштери жана билими тууралуу документтери текшерилет. Мындан тышкары текшерүүгө жергиликтүү жана шаардык кеңештердин депутаттары, Жогорку Кеңештин депутаттары, укук коргоо, көзөмөл жана сот органдарынын кызматкерлери дагы алынат.

УКМК тараткан маалыматта «акыркы жылдары мамлекеттик кызматкерлердин билими тууралуу жасалма дипломдор менен мамлекеттик кызматка өткөн фактылар көбөйгөнү байкалууда. Мындай фактылар коомдо активдүү талкууга айланып, мамлекеттик кызматка көлөкө түшүрүп, мамлекеттик башкаруунун бүткүл системасын дискредитациялап, көп учурда айрым ведомстволордун да, жалпы мамлекеттик аппараттын да ишинин оң натыйжаларын терс жагынан көрсөтүп коюуда», — деп жазылган.

Белгилей кетсек, буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Орозайым Нарматова дипломуна байланыштуу атайын кызматта сурак берген. Анда эл өкүлүнүн окууга которулушундагы мыйзам бузуу тууралуу маалымат түшкөнү, аны окуу жайга мыйзамсыз кабыл алган деген шек менен Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши козголгону айтылган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты