УКМК кызматкерлери аларга катуу сын айтуудан алыс болууга коомчулукту чакырды

  • 2 месяца мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) кызматкерлери алага катуу сын айтуудан алыс болууга коомчулукту чакырды.   

“Акыркы окуяларга, тактап айтканда УКМК төрагасынын кызматтан кетүүсүнө байланыштуу, маалымат мейкиндигинде Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын ишмердүүлүгүн каралоого багытталган айрым кызыкдар күчтөрдүн аракеттери байкалууда. Таралып жаткан билдирүүлөр жана түшүндүрмөлөр бир тараптуу мүнөзгө ээ болуп, жарандардын мамлекеттик институттарга болгон ишенимин солгундатууга багытталган. Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын жогорку башкы колбашчысына баш иет.

Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары мыйзамдуулук, объективдүүлүк жана коомчулук алдындагы жоопкерчилик принциптерин жетекчиликке алып, өлкөнүн Конституциясынын жана мыйзамдарынын алкагында так иш алып барышат” деп айтылат  маалыматта.  

Ошонжой эле УКМК өз артыкчылыктарын санап өттү:

-Мекеменин негизги артыкчылыгы — улуттук коопсуздукту камсыз кылуу, конституциялык түзүлүштү, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, чакырыктарга жана коркунучтарга, терроризмге жана экстремизмге, коррупцияга жана башка коркунучтарга каршы туруу болуп саналат, -деп түшүндүрдү УКМК кызматкерлери.

-Ар кандай суроолор жана кооптонуулар мыйзам чегинде, фактыларга жана текшерилген маалыматтарга таянып гана чечилиши керек деп эсептейбиз. Мамлекеттик органдардын кадыр-баркына далил келтирбестен доо кетирүү аракеттери конкреттүү бир мекемеге гана эмес, коомдогу жалпы ишеним деңгээлине да зыян келтирет.

Биз коомчулуктун айрым өкүлдөрүн, жалпыга маалымдоо каражаттарын жана айрым жогорку кызматтагы адамдарды Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери өздөрүнүн функционалдык милдеттерин абийирдүү жана жоопкерчиликтүү аткарып жаткандыктан, аларга карата катуу сын айтуудан алыс болууга чакырабыз,-деп кайрылды УКМК кызматкерлери.  

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Конституциянын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 71-беренесине ылайык, Ташиев Камчыбек Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошотулду.

Жумгалбек Шабданбеков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

УКМКда структуралык өзгөрүүлөр орун алды. Чек ара кызматы УКМКнын курамынан чыгарылды. Мамлекеттик күзөт кызматы президентке караштуу болду.

Камчыбек Ташиев социалдык тармактар аркылуу комментарий бергенин Нургазы Анаркулов жарыя кылды. Камчыбек Ташиев анын кызматтан алынышы күтүүсүз болгонун, бул күндөрү Германияда дарыланып жатканын билдирди.

Сүрөт: УКМК

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты