УКМК: Казак боордоштор кыргыздарга каршы таңууланган риторикага алдырбайт деп ишенебиз

  • 2 года мурун

Казакстандын укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан кармалган жана башка процессуалдык аракеттерге дуушар болгон жакындарына болгон Кыргыз Республикасынын жарандарынын тынчсыздануусуна байланыштуу, КР УКМК Казакстандын компетенттүү органдары объективдүүлүктү камсыз кылат деп ишенет.

УКМКнын маалыматында айтылгандай, басымдуу көпчүлүгү Казакстанда соода жана тейлөө тармагында иштеген кыргызстандыктар кокусунан көчөдө калып, кармалып калышы мүмкүн.

-Эки тараптуу каналдар аркылуу Казакстандын компетенттүү түзүмдөрүнө Кыргызстандын жарандарынын Казакстандагы баш-аламандыктарга жана талап-тоноолорго эч кандай тиешеси жок экендиги маалымдалды

 «Жапайы Арман» каймана аты бар криминалдык «төбөлдүн» негизсиз билдирүүлөрүнөн келип чыккан, андан кийин, өзгөчө ушундай оор мезгилде боордош кыргыз-казак күчтөрүнүн ортосуна жик салууга кызыкдар болгондор тарабынан кабыл алынганы Казакстандын расмий өкүлдөрүнүн айтымында, жакшы даярдалган маалыматтык чабуулдун уландысы жана бул башаламандык аймагын кеңейтүүгө багытталган.

Кармалган Викрам Рузахунов жана ушундай кырдаалга туш болгон башка мекендештерибиз Казакстандагы окуяларды козгогон күчтөрдүн пландарынын бир бөлүгүнүн кезектеги курмандыктары болуп калганын билдиребиз.

Өз кезегинде УКМК жана башка компетенттүү мамлекеттик органдар ар дайым казак боордоштор менен биргелешкен чараларды көрүүгө даяр жана казак бийлиги муну объективдүү чечип, кызыкдар күчтөр тарабынан кыргыздарга каршы таңууланган риторикага алдырбайт деп ишенет” деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Казакстанда кармалган кыргызстандык жана жумушсуз катары саналган адам джаз музыкасынын белгилүү өнөрпозу, фортепианочу Викрам Рузахунов болуп чыккандыгы буга чейин маалым болду.

Кыргызстандын ички иштер министрлиги Казакстанда кармалды делген музыкант Викрам Рузахуновго байланыштуу тактоо иштери жүргүзүлүп жатканын кабарлады.   

Казакстандын жалпыга маалымдоо каражаттары митингге катышуу үчүн Кыргызстандан келгенин айтып берип жаткан адамдын видеосун таратышкан. Анын сөзү боюнча белгисиз адамдар митингге катышуусу үчүн ага 90.000 теңге сунушташкан.
Туугандарынын маалыматы боюнча,  кыргызстандык джаз музыканты Викрам Рузахунов Алматыга тез-тез сапарга барып турган.

Жакында ал концерттик программаны алып баруу үчүн Алматыга чакырылган. Алматыга баруу үчүн билет 2021-жылдын 16-декабрында сатылып алынган жана Алматы шаарына 2022-жылдын 2-январь күнү 20:00 до учуп кеткен.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты