УКМК “ЭлКат” ЖЧК уюштуруучуларынын кармалышынын чоо-жайын түшүндүрдү

  • 1 месяц мурун

Кылмыш иштин алкагында президентинин иш башкармалыгынын мурдагы кызматкерлерине жана «Айкөл-5» ЖЧКсынын уюштуруучуларына К.З.М. жана Ш.С.И. жана башка адамдарга коррупция боюнча тиешелүү айып тагылып, алар соттун чечими менен камакка алынган.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдиргендей, тергөөнүн жүрүшүндө 1994-жылы «ЭлКат» мамлекеттик-жеке ишканасы (51% — президенттин аппараты, 49% — «Компьютердик технологиялар борбору» ЖЧКсы) түзүлгөнү аныкталган. 1998-жылы «ЭлКат» ЖЧКсынын уюштуруучуларынын курамы өзгөртүлүп, «Компьютердик технологиялар борбору» ЖЧКсынын ордуна «Айкөл-5» ЖЧКсы кошулган.

“Президенттин иш башкармалыгынын айрым кызмат адамдары «Айкөл-5» ЖЧКсынын уюштуруучулары болуу менен бирге «ЭлКат»ЖЧКсынын 100% үлүшүн мыйзамсыз ээлеп алуу максатында ушул компаниянын башка уюштуруучулары менен кылмыштуу сүйлөшүүлөргө барышкандыгын белгилей кетүү керек”  деп айтылат маалыматта.

Аталган адамдар өздөрүнүн кызматтык ыйгарым укуктарын жана бийлик түзүмдөрүндөгү коррупциялык байланыштарды пайдалануу менен эч кандай компенсация төлөбөстөн, президенттин иш башкармалыгын «ЭлКат» ЖЧКсынын катышуучуларынын курамынан чыгарган мыйзамсыз сот чечимдерин чыгарууга жетишкен.

Мындан мамлекет телекоммуникация тармагындагы стратегиялык маанилүү ишкана болгон «ЭлКат» ЖЧКсындагы үлүшүнөн ажырап, өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилгендиги айтылат.

Бишкектин Биринчи май райондук соту К.З.М., Ш.С.И. жана Т.У.А. аттуу жарандарды 3-апрелге чейин камакка алуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу райондук сот билдирди.

Президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев  Нурадил Баясовду “Элкаттын” убактылуу жетекчиси кылып дайындаган.

“Элкат” компаниясынын башкы директору Уланбек Толубаев жана эки учредители – С.Ш. жана З.К. кармалганын бир катар ЖМК жазган.  Андагы маалымат боюнча, 10-февралда компаниянын кеңсесинде тинтүү жүргүзүлүп, документтер жана компьютерлер алынган.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты