УКМК Айбек Теңизбайдын кармалышы боюнча маалымат берди
- 1 месяц мурун
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) жарандык активист жана видеоблогер Айбек Теңизбайдын кармалышы боюнча маалымат берди.
УКМК этностор аралык чыр-чатактын алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттердин алкагында социалдык тармактарда белгилүү бир улутка карата жеке кастыгын билдирген провокациялык билдирүүлөрдү системалуу түрдө жарыялаган Т.А.Д. аттуу кыргыз жараны аныкталганын билдирди. (Айбек Теңизбай-ред.)
“Анын аракети этностор аралык чыр-чатакты козутуучу фактор болуп саналат жана массалык башаламандыкка алып келиши мүмкүн. Тактап айтканда, козголгон кылмыш ишинин жана чогултулган материалдардын алкагында Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматынан эксперттик корутунду алынган. Анда Т.А.Д. тарабынан социалдык тармактарда жарыяланган материалдарда улуттар аралык кастыкты козутуунун белгилери бар экени аныкталган. Мындан улам, кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси «Расалык, этникалык, улуттук, диний же аймактар аралык кастыкты (пикир келишпестикти) козутуу» боюнча кылмыш иши козголду. Ал эми билдирүүнүн автору Т.А.Д. КР УКМКнын тергөө абагына камакка алынып, тиешелүү тергөө иш-чаралары уланууда” деп айтылат маалыматта.
Жарандык активист жана видеоблогер Айбек Теңизбай 48 саатка камакка алынганы белгилүү болду.
12-декабрда Октябрь райондук сотунда анын бөгөт чарасы каралары айтылган.
11-декабрда Айбек Теңизбайды үйүнөн белгисиз адамдар кармап кетишкени айтылган. Кийин ал УКМКнын Бишкек башкармалыгында экени белгилүү болгон. Айбек Теңизбай өлкөдөгү коомдук-саясий жагдай боюнча пикирин ачык айтып келет. Ютуб каналда саясий подкаст алып барат.
Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы




